facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

15.06.2023

Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында өлкө башчысы Садыр Жапаров милиция кызматкерлеринин ишмердүлүүгүнө баа берди

Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында өлкө башчысы Садыр Жапаров милиция кызматкерлеринин ишмердүлүүгүнө баа берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө баа берип, жетекчилик курамды ротациялоо коррупциялык көрүнүштөрдү минималдаштыруу үчүн жасалганын баса белгиледи.

“Мага жеткен маалыматтар боюнча ички иштер органдарынын жетекчилик курамында  масштабду түрдө ротациялар жүргүзүлгөн. Бул биринчи кезекте коррупциялык көрүнүштөрдү минималдаштыруу үчүн жасалган деп билебиз. Анткени жетекчилердин айрымдары өз креслолорунда бир нече жылдан бери олтуруп, жергиликтүү криминалитет менен  жана башка деструктивдүү күчтөр менен биргелешип, жакындашып алышкан. Натыйжада криминалдык чөйрөнүн айрым мүчөлөрү жазага тартылбайбыз деп, өздөрүн ишенимдүү сезишип, баарын жасай берсе болот деп, өздөрүн абдан мындай бир ишенимдүү сезип алышкан. Мындай  мыйзамга каршы келген аракеттерди  Улуттук коопсуздук кызматы менен Ички иштер министрлиги өз учурунда токтоттуңуздар, буга татыктуу баа берсек болот. 

Ошол эле учурда,  Улан Омоканович менен Октябрь Жолдошевич, сиздер Ички аскерлердин потенциалын көтөрүүгө, алардын даярдыктарын, дайым даяр турууга жакшыртууга кылдат көңүл бурушунуздар керек. Керек болсо ички аскерлерде дагы ротация жүргүзгүлө, ким татыктуу болсо кызматынан көтөргүлө, татыксыздар болсо дароо иштен алгыла. Күтүп отурганга бизде убакыт жок, кадр потенциалын бекемдегиле, керек болсо ардагерлерди ишке тарткыла. Алардын иш тажрыйбасын колдонгула, күнү-түнү жигердүү иштеп жаткан жаш офицерлерге, сержанттарга, прапорщиктерге, дем-күч, мындай бир стимул берип, аларды ар тараптан колдогула. Ошондо иштериңиздерге эффиктивдүү жардамдар болот алардан. Алдыңарда коюлган милдеттерди так аткара аласыңар деп ишенемин, кетип бара жаткан темпиңерден жазбагыла”, - деп билдирди Садыр Жапаров. 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер