facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

14.06.2023

ИИМдин Академиясында курсанттардын бүтүрүү аземи болуп өттү

2023-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин  милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясында курсанттардын бүтүрүү аземи болуп өттү. Быйыл, ИИМдин Академиясын 100 курсант аяктап, жогорку билимдүү дипломдорун жана алгачкы лейтенант наамын алышты. Бүтүрүүчүлөрдүн ичинен 25 кыздар. Ал эми сегизөө артыкчылык дипломдорун алышты. 

Салтанаттуу иш-чарага ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, Президенттин кеңешчиси, юридика илимдерини доктору Бекбосун Бөрүбашев, кыргыз милициясынын генералдары Тилек Асаналиев, Садырбек Дубанаев,  Абдыкапар Мавлянов,  ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев,  Академиянын жетекчилиги жана ардагерлери, Э. Алиев атындагы фондунун өкүлдөрү, Эргеш Алиевдин туугандары, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, туугандары жана достору катышышты.  

Алгач, министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, бүтүрүүчүлөргө кайрылып, алар  Ата Мекенибиздин эң жооптуу болгон коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө тайманбастык жана эрдик менен эмгектене турган кызматка бара жаткандарын баса белгиледи.  

“Урматтуу бүтүрүүчүлөр! Силерге жүктөлгөн милдеттерди ак ниет менен аткарышыңар мамлекетибиздин көз карандысыздыгынын бекемделүүсүнө жана улуттук кызыкчылыктарды коргоого түрткү жаратып, баарыңардан кесипкөйлүктү, моралдык, адептик сапаттарды талап кылат. Сиздердин ар бириңиздер биздин мамлекетибиздин чыңдалышына, анын өсүп өнүгүшүнө салым кошосуздар деп ишенемин.

Бүгүнкү күндө өлкө жетекчилиги тарабынан коюлган приоритеттик маселелердин ичинен жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталуусун, экстремисттик көрүнүштөргө жол бербөөнү жана коррупция менен күрөшүүнү өзгөчө белгилеп кетким келет.

Мындан сырткары, урматтуу бүтүрүүчүлөр, силердин кызматыңарга кылган мамилелеңерден, кесипкөйлүүлүктөн, адептик сапаттарыңардан жарандар жалпысынан биздин ички иштер министрлигинин ишмердүүлүгүн баалайт. Себеби жарандар ички иштер органдарынын кызматкери менен өздөрүнүн коопсуздугун, корголгондугун байланыштырып, ар бириңиздерден тез арадагы жасалган аракеттерди жана жардамды үмүттөнүшөт.

Кыргыз милициясынын легендарлуу генералы Эргеш Алиев атындагы Академияда алган билимиңиздер, тажрыйбаңыздар Кыргыз милициясына таза жана адилет кызмат кылууда негизги өзөк катарында калышы керек.

Мен коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун коргоодо берген Антыңарга бекем туруп, өзүңүздөрдүн парзыңыздарды кесиптик жогорку чеберчиликте аткаруу менен бирге эле өлкөбүздүн жарандарынын коопсуздугун, мамлекетибиздин кызыкчылыгын жана мыйзамдын талаптарын сактайт жана коргойт деп ишенемин. Анткени жарандардын мыйзамдуу укуктарына жана кызыкчылыктарына кылдат мамиле жасоо жана алардын ишеничин актоо сиздердин негизги милдетиңер.

Чыныгы офицер абийирин, кадыр-баркын, антка болгон бекемдигин сактоого жана Ата Мекенге кызмат кылуунун үлгүсү болууга милдеттүү. Андыктан ар бирибизден кайраттуулукту, бекемдикти, айрым учурларда чечкиндүүлүктү талап кылат,-деп билдирди Адылбек Бийбосунов. 

Ошондой эле, министрдин биринчи орун басары кызматка киришип жаткан кесиптештерине  чың ден соолук, темирдей кайраттуулук, алмаздай бекемдик жана эр жүрөктүүлүктү каалап, алар кыргыз элине ак ниет, таза, чынчыл кызмат кылып, ички иштер органдарынын кызматкеринин кадыр-баркын терең сактап, кыргыз элинин сыймыгы боло турган мыкты кесипкөй кадрлардан болуу керектигин баса белгиледи. 

Андан сырткары, ал бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерине кайрылып, Мекен үчүн ушундай уул-кыздарды тарбиялап, өстүрүп, жооптуу кызматты аркалоого түрткү болгондору үчүн  ыраазычылыгын билдирди. 

Мындан ары,  ИИМдин Академиясынын бүтүрүүчүлөрү Ички иштер органдарынын толук кандуу кызматкерлери болуп, бөлүштүрүүлөрдөн соң, аймактарда кызмат өтөөгө киришишет. Эми алар коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулук менен күрөшүү, кылмыштардын бетин ачуу жана иликтөө иштерин аткаруу милдетин алышты. 

Иш-чаранын жүрүшүндө салтка айланып калгандай, бүтүрүүчүлөр Академиянын үйлөмө аспаптар оркестринин коштоосунда, ИИМдин Академиянын  күжүрмөн туусу менен коштошуп, салтанаттык жүрүш менен өтүштү. 

Салтанаттуу иш-чара  бүтүрүүчүлөрдүн аткаруусундагы  “Офицердик вальс” менен жыйынтыкталды.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер