facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

09.05.2023

Улан Ниязбеков менен Владимир Колокольцев укук коргоо тармагындагы маалыматтык кызматташуу тууралуу өкмөттөр аралык келишимге кол коюшту

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал - лейтенанты Улан Ниязбеков менен Россия Федерациясынын министри Владимир Колокольцевдин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улан Ниязбеков Владимир Колокольцевди Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады.

"9-май Улуу Жеңиш күнү – бул өмүрүн аябастан өз мекенин коргоп, фашизмден бошоткон чыныгы баатырлардын-советтик адамдардын даңазалуу муунунун эрдиги үчүн элибиздин чексиз кубанычынын жана сыймыгынын жаркын майрамы.

Бул маанилүү күндө сиздерге жана ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамына бекем ден соолук, бакубатчылык жана мындан аркы ийгиликтерди каалайм", - деди Кыргыз Республикасынын ИИМдин башчысы.

Министрликтин жетекчилери Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосунда ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө кирген маселелер боюнча электрондук түрдө маалыматтык өз ара аракеттенүү жана маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Аталган макулдашуу ыкчам-кызматтык иштин ар кандай багыттары боюнча эл аралык укуктук базанын алкагында координацияланган иштин заманбап механизмдерин түзүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, 2019-2023-жылдарга кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн биргелешкен чараларынын Мамлекеттер аралык программасын ишке ашыруунун натыйжалуулугу жана анын алкагында жүргүзүлүп жаткан "Издөө" ыкчам-түшүндүрүү операциясынын аяктаган биринчи этабынын оң натыйжалары белгиленди.

Россиялык ведомствонун башчысы кадрларды даярдоо жаатында, анын ичинде кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында мындан аркы көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар Россия менен Кыргызстандын укук коргоо органдарынын ортосундагы достук жана көп кырдуу кызматташууну баса белгилеп, эки мамлекеттин жарандарынын коопсуздугунун кызыкчылыгында мындан ары да чыңдала берерине ишеним билдиришти. КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ жана ШКУ форматтарындагы көп тараптуу кызматташууга жогорку баа берилди.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер