facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

08.05.2023

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктады

Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүнүн 78 жылдыгын майрамдоонун алдында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов Согуштун ардагерлери Асек Урмамбетов менен Туркенакун Бейшенбаев, ошондой эле ооруктун ардагери Чоюнбек Сагынбаевге барышып, жылуу сөздөрүн айтышып, куттуктады.

ИИМдин жетекчилиги ардагерлерди келе жаткан Жеңиш майрамы менен куттукташып, Жеңиш үчүн жалпы салымдарын кошушуп, фашизмди жеңүүгө түрткү берген ооруктагы адамдардын дагы талыкпас эмгектерин баса белгилешти.

Өз кезегинде, ооруктун ардагери Чоюнбек Сагынбаев согуштун оор күндөрүн, өзүнүн өмүр таржымалын эскерип, сүрөттөрүн көрсөтүп, насаатчылык кебин дагы айтты. Ардагер согуш убагында өспүрүм кезинде оорукта кары-картаңдар, аялдар менен бирге иштеп, кийин узак жылдар бою ички иштер органдарында үзүрлүү эмгектенген Чоюнбек Сагынбаевди куттуктады.

Чоюнбек Сагынбаев согуш башталган жылы он жашта болгон. Согуштан кийин ал милициянын жогорку мектебинде окуган. Ал ишин аймактык инспектордон баштап, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматында иштеген.

Азыркы учурда Улуу Ата Мекендик согуштун жеңүүчүлөрүнүн көбү тирүү эмес. Бүгүнкү күнү ардагерлер өзгөчө көңүл бурууга татыктуу.

Ооруктун эмгекчилери менен Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жубайлары милицияларды көңүл буруп келип куттуктап кетишкендерине ыраазычылыктарын билдиришип, Мекенге болгон кызматтарына ийгиликтерди каалашты.
Жеңиш күнүн майрамдоонун алдында бардыгы Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин атынан баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Азыркы учурда, ушундай иш-чаралар республиканын бардык аймактарында өтүп, ИИОнун түзүмдөрүнүн жетекчилери, облустук, шаардык ички иштер башкармалыктарынын башчылары Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери-отставкадагы милицияларын, ооруктун эмгекчилерин куттукташууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер