facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

08.05.2023

Контрафакттык алкоголдук продукцияны мыйзамсыз өндүрүүгө жана сатууга тиешеси бар адамдардын ишине бөгөт коюлду.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин КИББнын үчүнчү башкармалыгы жана Тергөө кызматы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренеси «Спирт жана спирт ичимдиктерин мыйзамсыз өндүрүү» менен козголуп, тергөө иштери жүрүп жаткан кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам-иш-чаралары жүргүзүүдө.

Жасалмы алкоголдук продукцияларды жайылтуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын бузуу фактыларын аныктоого багытталган иштер жүргүзүлүүдө.

Мындай иш чараны ИИМдин ыкчам кызматтарынын жана мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын катышуусу менен өткөрүүнүн себеби, спирт ичимдиктерди, ошондой эле жасалма акциздик маркаларды мыйзамсыз өндүрүү, сактоо жана ташуу фактылары жөнүндө так маалыматтардын келип түшүшү менен байланыштуу. Акыркы убакта жасалма алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана сатуу кеңири жайылууда.

Кампаларды жана башка объектилерди текшерүүнү Ички иштер органдарынын кызматкерлери, КР Мамлекеттик салык кызматы жана алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттик (Мамалкоагенттик) менен биргеликте жүргүзүшкөн.

Мурда козголгон кылмыш ишинин жүрүшүндө мыйзамсыз өндүрүлгөн алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүчү жана сактоочу даректер аныкталган. Аталган 12 даректе жүргүзүлгөн тинтүү иш чараларынын жүрүшүндө ири өлчөмдөгү спирттүү продукциялар табылып, алынган.

Тинтүү иш чарасы Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймактарында жүргүзүлүп, ири өлчөмдөгү контрафактылык алкоголдук ичимдиктер табылган. Алынган продукциянын жалпы саны 3645 бөтөлкө спирт ичимдиктери, 185 литр спирт, 2463 даана акциздик марка. Кармалган ичимдиктердин арасында шек жараткан арак жана виски бренддери бар.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө КИББнын жана Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан башка мамлекеттик органдар менен биргеликте контрафакттык алкоголдук спирттүү продукцияларды мыйзамсыз өндүрүүгө жана сатууга тиешеси бар адамдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшкан.

Ошентип, Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында жайгашкан жергиликтүү тургунга таандык даректердин бирине тинтүү жүргүзүү учурунда 1598 даана шектүү акциздик маркалар, курамында белгисиз суюктук аралашмасы бар 306 бөтөлкө суюктук, көлөмү 0,7 жана 0,5 литр болгон "Органик" алкоголдук ичимдиктери, 750дөн ашык пластик жана алюминий капкак, арактын ар кандай бөтөлкөлөрү үчүн этикеткалар, эки 25 литрлик флягалар жана өзгөчө жыты бар спирт суюктугу куюлган 10 литрлик пластик бөтөлкөлөр, ошондой эле бөтөлкөлөрдүн оозун бекитүүчү аппараты табылып алынган.

Ысык-Ата районунун Дача айылында тинтүү учурунда канистрлерге куюлган 90 литр спирт жана 85 бөтөлкөдөн ашык айнек бөтөлкөгө куюлган спирт суюктугу табылган.

Ала-Тоо жаңы конушунда жергиликтүү тургундун жанынан 7 даана  «Спирт» деген жазуусу бар беш литрлик пластик идиштер, ошондой эле 100 даанадан ашык ар кандай маркадагы коньяк, арак, виски жана бош айнек идиштер табылган.

Чүй облусунун Лебединовка айылындагы кафелердин бирине жакын жерде «Тойота Авенсис»  үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда көп сандагы контрафактылык алкоголдук продукциялар табылган: «Пшеничная» үлгүсүндөгү 396 даана арак (0,1 литр), "Беленькая" үлгүсүндөгү 70 бөтөлкө арак (0,5 литр), "Беленькая" үлгүсүндөгү 30 бөтөлкө арак (0,24 литр), ошондой эле башка үлгүдөгү спирт ичимдиктери. Жалпысынан 560 бөтөлкө мыйзамсыз спирт ичимдиктери аныкталган.

Аламүдүн районунун Лебединовка айылынын жашоочусунун үйүн тинтүү учурунда көп өлчөмдөгү контрафакттык спирт ичимдиктери табылды:

Алсак, «Пшеничная» үлгүсүндөгү 1260 бөтөлкө арак (0,1 литр), «Аю» үлгүсүндөгү 828 бөтөлкө, «Беленькая» үлгүсүндөгү 220 бөтөлкө арак, анын ичинен жарымы акциздик маркалары менен, ошондой эле спирт ичимдиктердин башка түрлөрү.

Бул дарек боюнча жалпысынан 2560 бөтөлкөдөн ашык  шектүү спирт ичимдиктери табылган.

Чүй облусунун Сокулук айылынын тургунунун үйүнө тинтүү учурунда 868 шектүү акциздик марка табылган, ошондой эле, акциздик маркасы бар жана акциздик маркасы жок 20дан ашык бөтөлкө даяр алкоголдук продукциялар жана көп сандагы ар кандай үлгүдөгү этикеткалары чапталган бош бөтөлкөлөр, сипрт суюктуктары куюлган канистрлер табылган.

Бишкек шаарынын тургунунун үйүнөн тинтүү учурунда арактын ар кандай үлгүсүндөгү 57 бөтөлкө, ошондой эле акциздик маркалар, бөтөлкөнүн капкактары салынган бир нече кутучалар жана башка буюмдар табылып алынган.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын башка тургунунан акциздик маркалары жок 13 даана коньяк, жана башка шектүү спирт суюктуктары табылган.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пайдалуу шилтемелер