facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

05.05.2023

ИИМдин Республикалык окуу борборунун талапкерлери "Ордо Сахна" фольклордук-этнографиялык театрынын концертине катышты

2023-жылдын 4-майында Бишкек шаарындагы Кинематография департаментинин залында Этномузыкага кайрадан жан киргизген, дүйнөгө аты кеткен “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык театрынын  чыгармачылык концерти болуп өттү. 

Анда, ИИМдин Борбордун талапкерлери "Ордо Сахна" фольклордук-этнографиялык  театрынын аталган концертине катышты. 

“Ордо Сахна” байыркы улуттун уңгусунда уюп жаткан күүлөрдү азыркы замандын акылына сиңире турган кылып иштеп чыгууда, жайылтууда опол тоодой эмгек кылгандыгын искусство чөйрөсүндөү адистер баса белгилеп келген. 

Бул кечеде ИИМдин Борбордун талапкерлери  кыргыз элинин байыркы күүлөрүн, аспаптарын жана манасчылардын “Манас” эпосунан  айткан үзүндүлөрүн угуп, рухий жактан жан дүйнөсүнүн азыгын байытып кетишти. 

Бул иш-чарага КРнын Мамлекеттик катчысы С.С. Касмамбетов жана КРнын  Коопсуздук кеңешинин катчысы генерал-лейтенант М.М.Иманкулов да келип катышты. 

Чыгармачылык  менен өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чаранын аягында ИИМдин Борбордун талапкерлери КРнын Мамлекеттик катчысы С.С. Касмамбетов жана КРнын  Коопсуздук кеңешинин катчысы генерал-лейтенант М.М.Иманкулов менен эстеликке сүрөткө түшүштү. 

Бул инсандар  талапкерлерге окуусунда ийгилик каалап, ушундай маданий иш-чараларга көп катышып рухий жан дүйнөсүн байытуусуна тилектеш болушту.

Аталган иш-чара  ИИМдин Борбордун административдик тармактар циклынын куратордук иштеринин алкагында уюштурулду.

ИИМдин Басма сөз кызматы 

Пайдалуу шилтемелер