facebook-link
twitter-link
instagram-link
youtube-link
tiktok-link
telegram-link

04.05.2023

ИИМдин Республикалык окуу борборунда "Балдар биздин келечегибиз" аттуу "Ачык эшик күнү" иш чарасы өткөрүлдү

2023-жылдын 3-майында  ИИМдин Республикалык  окуу борборунда  Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында жайгашкан № 50 орто мектептин  окуучуларына жашы жетеэлек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, патриоттуулук  сезимдерин  ойготуу жана кесиптик багыт берүү  максатында «Ачык Эшик күнү» иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп окуучуларына  милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабировдун музейи, окуу процессин жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн жасалгаланган атайын  адистештирилген окуу аудиториялары,  кызматкерлер жана талапкерлер машыгуучу спорт зал, криминалистик борбор, ок атуучу жай  менен тааныштырылып, маалыматтар  жеткирилди.

Андан тышкары, куралдуу кылмышкерлерди кармоо көндүмдөрүн, бир нече адам физикалык каршылык көрсөткөндө ИИОнын кызматкерлеринин аракеттерин, ошондой эле МТ- 9мм  жана Калашников автоматын толук эмес чачуу жана чогултуу, самбо ыкмаларын үйрөтүү боюнча борбордун талапкерлеринин көрсөтмөлүү презентациясы тартууланды.

ИИМдин Басма сөз кызматы 

Пайдалуу шилтемелер