Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесиндеги мамлекеттик жарандык кызматына кадрлар түзүү үчүн кокурс жарыялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы №24 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервинин түзүү жана иштөөсү жөнүндө» Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2022-жылдын 3-мартындагы №174 буйругуна ылайык, буйрук кылам:
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесиндеги мамлекеттик жарандык кызматына кадрлар резервинин түзүү үчүн конкурс жарыялансын.
- Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесиндеги мамлекеттик жарандык кызматынын кадрлар резервинин түзүү боюнча конкурсту өткөрүү мөөнөтүн аныктасын жана конкурс өткөрүү боюнча тийиштүү иш-чараларды уюштурсун.
- Ушул буйруктун аткарылышына жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын ИИМдин конкурстук комиссиясына жана КББнын начальнигине жүктөлсүн.
- Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын ИИМдин конкурстук комиссиясына төрагасына жүктөлсүн.
- Кыргыз Республикасынын ИИМдин ведомстволук веб-сайтына жана Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштер боюнча мамлекеттик агенттигинин веб-сайтына жарыя жайгаштырылсын.
- Буйрук тиешелүүлүгү боюнча жарыялансын.
Министр
милициянын генерал-лейтенанты У. Ниязбеков